Биз сизге колдонууга ыңгайлуу болгон TezSat 2.0 жаңы өзгөртүүлөрдү сунуштоодон абдан кубанычтабыз. Биз ар дайым сиздердин пикириңиздерди угабыз жана тиркемени сиз үчүн жакшыртууга аракет кылабыз. Бул жаңыртууда биз бир катар жакшыртууларды жана жаңы функцияларды жасадык:
⁃ Бизнес профил кошулду
⁃ Тиркеме ичиндеги чаттар жаңырды
⁃ Жакшыртылган жана жаңыртылган дизайн
⁃ Мүчүлүштүктөр оңдолуп, бир топ жакшыртуулар жасалды.
Tez Sat (Тез Сат) тиркемеси Кыргызстандын ар бир аймагы үчүн иштелип чыккан.
7 облусту камтыйт: Чүй, Ош, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Жалал-Абад.
493 айыл аймагы, 40 район, 22 шаар, жана ар бири үчүн ыңгайлуу шарттар каралган.
Соода-сатык, ижара, кызматтар жана алмашууларды камтыган акысыз жарыялар.
Товарлар ыңгайлуулук үчүн 20 категорияга бөлүнгөн:
Транспорт
Үйдөн чыкпай эле унааңызды сатып жана ошол эле учурда өзүңүзгө ылайыктуу унаа таба аласыз, же шаар ортолук такси кызматтарын колдоно аласыз.
Кыймылсыз мүлк
Tez Sat'та сатуу жана ижарага берүү үчүн үйлөрдүн, жерлердин, батирлердин жана башка кыймылсыз мүлктүн тандоосу кенен.
Электроника
Электрондук шаймандардын түрүн таба аласыз: уюлдук телефондор, компьютерлер, ноутбуктар, планшеттер, унаанын шаймандары, кондиционерлер жана башкалар.
Айыл чарба
Tez Sat'та эт, cүт азыктарын, кургатылган жемиштер, үй жумурткаларын, аарыдан алынуучу азыктар жана балык азыктарын таба аласыз. Өсүмдүктөрдү өстүрүүдө керек болгон жер семирткичтер, үрөндөр, малга тоют, көчөттөр жана чарба дүкөн бөлүмдөрү бар.
Кызмат көрсөтүүлөр
Жүк ташуу, курулуш жана оңдоо иштери, эмерек жасоо, жүргүнчү ташуу кызматтары. Ошондой эле,
тигүүчүлүк жана реставрация, транспорт оңдоо, курьердик жеткирүү жана башкалар.
Биз дайыма жаңы сунуштарды жана негиздүү сын пикирди кабыл алууга даярбыз.
Сиздердин колдооңуздардын аркасында гана биз - соода-сатык тармагына шарт түзүү менен элибиздин жашоо деңгээлин жакшыртуу максатыбызга жете алабыз!
This version of Tez Sat Android App comes with one universal variant which will work on all the Android devices.
If you are looking to download other versions of Tez Sat Android App, We have 10 versions in our database. Please select one of them below to download.